Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды "базаркомдор" деп атоо катуу тийгенин моюнуна алды.
"Мындай сөз парламенттин жалпы ишине көлөкө түшүрөт. Бешинчи жана алтынчы чакырылыш жаңы принцип менен шайланып, гендердик баланс сакталды. Кимге жагат, кимге жакпайт - баары бир шайлоо жаңы технологияларды пайдалануу менен акыйкат өттү. Коомчулукта бизди базарком деп атап жатышат. Ким базарком, атын ачык атагыла. Парламенттин абройуна шек келтирбегиле. Ушул убакка чейин бир дагы парламент коомчулуктун купулуна жүз пайыз толгон эмес", - деди депутат.