Жайыл районунда катталган жол кырсыгынан жабыркаган депутат Нодирбек Каримов доо арыз жазуудан баш тартканын Чүй ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, депутат, анын жубайы жана эки баласы ооруканадан чыгышты. Алардын акыбалы канааттандыраарлык. Депутаттын апасы жол кырсыгы болгон жерде көз жумган.
Нодирбек Каримов соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге доосу жоктугун айткан. Депутат ал күнү рулга соо абалында отурганы аныкталган. Рулду башкара албай калып, автоунаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.