Келерки жылы советтик аскерлердин Ооганстандын чыгарылганына 30 жыл толот. Азыр совет мамлекети жок. Согуштун катышуучуларына анчалык көӊүл бурулбай келет. Алар айына 6 миӊ сом жөлөкпул алышат. Арасында жараат алып, ден-соолугунан айрылган мекендештерибиз арбын. Жок дегенде, аларга жылына бир жолу ден-соолугун чындоо үчүн санаторийлерге жолдомо берилсе жакшы болот эле. Бул тууралуу ооган согушунун катышуучусу, депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Ордо калаадагы абал кыйын. Анын чок ортосунда көптөгөн мамлекеттик мекемелердин имараттары жайгашкан. Алардын ээлеген аянты да чоӊ. Ошондуктан, мамлекеттик органдар менен мекемелер шаардын чет-жакасына чыгарылса, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү бошоп, жагдай кыйла оӊолмок. Мен бул маселени мурда деле көтөргөм, бирок Өкмөт эмнегедир укмаксан болууда», - деп кошумчалады депутат.