“Коопсуз шаар” да айтылды

 

28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри иш сапары менен Тажикистан Республикасына барган. Анын алкагында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикистан Республикасынын ички иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен Тажикстан Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон өзгөчө көңүл бурууну талап кылган чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташууларына байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Андан сырткары, жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча негизги маселелер каралды.


Өз кезегинде Кашкар Джунушалиев: “Бүгүнкү күндө коңшу эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлге жетти. Акыркы жылдардын аралыгында ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрүнүн бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын активдүү мүчөлөрү кармалды. Министрликтердин кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди күчөтүү керек”,- деп белгиледи.


Министрликтердин жетекчилеринин жолугушуусунда республикалардын чек арага чектеш райондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу жана башка эки тарап кызыктар болгон бир катар маселелер талкууланды. Ошондой эле биздин өлкөлөрдү укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү чек арага чектеш аймактардагы укуктук тартипти бекемдөөнү жакшыртуу менен кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча өнөктөштүк мамиле байланыштыраары белгиленди.


Түзүмдүн башчысы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Тажикистандагы кесиптештеринин иш-тажрыйбалары менен таанышты.
Кашкар Джунушалиев тажикстандык кесиптештерине жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуусун кеңейтүү менен бекемдөө үчүн керектүү күч жумшай тургандыгын билдирди.

 

Баңгизаттарды биргелешип көзөмөлдөө жагы да чечилди

 

Аталган иш сапардын алкагында 29-ноябрь күнү Дүшанбе шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору, юстициянын генерал-лейтенанты Шерхон Салимзода жолугушту.


Жолугушуунун эң негизги максаты Кыргызстандын ИИМдин башчысы менен Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюу болду.


Кыргыз Республикасынын ички иштер министири Кашкар Джунушалиев эки өлкө үчүн жогорудагы макулдашууга кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.


“Аталган чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен биз Дүшанбе шаарына Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору менен баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюга келгенбиз. Бул биз үчүн маанилүү мезгил. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМи баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча республиканын улуттук тескөөчү орган болуп саналгандыктан Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Бангизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жана башка эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу, биз Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөөгө кызыктарбыз”- деди Кашкар Джунушалиев.


Ошондой эле чогулгандардын алдында Кашкар Джунушалиев сөз сүйлөп, эл аралык баңги кылмыштуулугу тарабынан “акыл-эске таасир этүүчү жаңы каражаттардын” жүргүртүлүшү, жогорудагыдай каражаттардын пайда болгону менен баңгизаттардын тизмесине кире электигин жана эл аралык бангикылмыштуулук аймактык жана улуттук деңгээлде синтездеп жана жайылтып жаткандыгы кабатырланып, бул багытта мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнун жаңы этабы келгендигин баса белгиледи


“Баңгизаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө багытталган Баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү, аларга каршы тиешелүү чараларды көрүү боюнча бүгүн биз Кыргызстан менен Таджикистандын элинин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү ишти жакшыртуучу макулдашууга кол коебуз жана ишке ашырабыз”,- деди Кашкар Джунушалиев.

 

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин тайрыйбасы мол экендигин жана биздин өлкөлөрдүн Афганистан менен географиялык жактан жакындыгы бардыгын эске алуу менен баңгитрафик жолуна бөгөт коюуга, бирдиктүү ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө, маалымат, тажрыйба жана ченемдик-укуктук актылар менен бөлүшүүгө багытталган аталган Макулдашуу биздин кийинки кызматташуубуздун денгээлин көтөрөт”- деп Кашкар Джунушалиев белгиледи.


Жолугушуунун аягында тараптар Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Макулдашуунун негизги максаты эки тараптуу кызматташуунун сапатын жогорулатуу, банги кылмыштарына байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүүдө биргелешкен иш аракеттерди тынымсыз жүргүзүүгө багытталды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев иш сапардын алкагында Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кинологиялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити