Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн бала бакча катары пайдаланууга берет. Бул тууралуу саясатчынын уулу Беккул Жекшенкулов маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтымында, үй Кочкор районунун борборунда жайгашкан. “Айылда бир гана бала бакча болгондуктан, үй-бүлөбүз менен кеңешип, ушундай чечим кабыл алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылында бир аз салым кошолу дедик. Азыр үйдү мамлекеттин балансына алуу иштери жүрүүдө. Андан кийин тилкеге бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере тургандай жаңы үй курулат”,- деди Беккул Жекшенкулов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы СССР кыйраганда менчиктештирип алган эки кабат автобекеттин имаратын толук оңдоп берип, мектеп катары пайдаланууга берген болчу.
Ошондой эле быйыл жайында Жогорку Кеңештин экс-спикери, белгилүү саясатчы Абдыганы Эркебаев кичи мекени Чоң-Алай районундагы өзүнүн үйүн бала бакча катары пайдалануу үчүн жергиликтүү бийликке өткөрүп берген болчу.
Эгер бул жогорку үч саясатчылардын кайрымдуу иштерин башка да колунда бар байларыбыз колго алып, колдоп кетишсе, быйылкы президентибиз тарабынан жарыяланган “Айылды көтөрүү” жылында мамлекет менен элине көрсөткөн жардамы болот эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити