Баткен облусунун прокурору Анарбай МАМАЖАКЫПОВдун сөөгү кичи Мекенинде - Чоң-Алай районуна караштуу Чак айылында жерге коюлду. Анткени, маркумдун жансыз денеси жекшембиге, 18-ноябрга караган түнү Баткен шаарынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылган. Прокурор 17-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефонуна дагы жооп бербей жаткандыктан, жакындарынын кайрылуусуна ылайык милициянын ыкчам тобу аны издөөгө абдан катуу киришкен. Укук коргоо органдары маркум адегенде катуу сабалып, андан соң гана атып өлтүрүлгөндүгүн акыры ырасташты. Баткендин үлкөн аткаминери бул ажалга негизги шектүү сыңары кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
- Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси Баткен шаарынын чекесинен табылып, талаада денесине жаракат келтирилип өлтүрүлгөндүгү биротоло ырасталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар азырынча ачык айтылбайт. Албетте, шектүү кишилер бар. Фактынын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза Кодексинин 97-беренесине ылайык (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголду. Ушул тапта ар тараптуу териштирүү жараяны кызуу жүрүп жатат, - дейт Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов.
Белгилүү болгондой, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков Баткен облусунун прорурорунун өлүмүнө негизги шектүү сыңары кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Айыпталуучу ушул тапта сурак дагы берип жатат.
Ички иштер министрлигинин версиясына караганда, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов чыр-чатактын соңунда гана биротоло өлтүрүлгөн. Анткени, кылмышка шектүү делген жаран ошол маалда мас экен. Бирок, бул жоопкерчиликтен таптакыр куткарбайт! Эгерде тергөөнүн жүрүшүндө күмөндөлгөн киши бул жорукту жасагандыгы чындап эле ашкереленсе, анда ал узак жылдар бою түрмөгө кесилет. Анткени, Кылмыш-Жаза Кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, башкы шектүү адам акыры-соң кармалып, абакка киргизилбедиби.
Баса, маркум прокурор менен акыркы жолу чогуу-чараан жүрүшкөн күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө караганда, Баткен облустук мекемелеринин биринин жетекчисине барган учурда автоунаада кандын тактары дагы табылган. Автоунааны дыкаат текшеришкенде, ал Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкерге таандык болуп чыкты.
Айтмакчы, прокурордун көзүн тазалагандарды издөө анчалык деле мээнетти жана убакытты талап кылган жок.
- Прокурорду башка катуу зат менен чапкандан каза тапкан. Балким, таш менен ургандыр. Ал Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов менен дал ошол күнү чогуу жүрүшкөндүгүн көргөндөр дагы бар экен,- деп кошумчалашты Ички иштер министрлигинен.
Бирок, айрым маалымат агенттиктери жазганына караганда, азырынча бул киши өлтүрүүгө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси гана шектелип кармалды. Анткени, күнөөкөр киши маркум Анарбай Мамажакыпов жана Баткен облусунун бир катар прокурорлору ошогезде талаага аңчылыкка чогуу чыгышкан экен. 17-ноябрда кечки саат жетилерде прокурор менен жетекчи бир унаада чогуу кайтышкан. Андан ары прокурор дайынсыз жоголгон.
Баткендик укук коргоочу, жарандык активист Роза Маманова дагы Анарбай Мамажакыповдун өлүмү дагыле сырдуу экендигин жашырган жок: “- Мен 18-октябрда өз ишиме байланыштуу даттануум менен Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кабыл алуусунда болгомун. Ал менин ишим жөнүндө айтып келип, аягында “Биринчи кезекте өз кесиптештерим, прокурорлор менен күрөшөп жатам” деп айткан эле. Сиздерге маалым, Баткенде Латыпов, Жумабаев деген облпрокурорлор кеткенден кийин алардын орун басарлары таптакыр алмаштырылган эмес. Анан ал жердеги кызматкерлер дагы иштен кеткен эмес. Прокуратура кылмышты иликтөөсү эмес, жөн гана аны жаап-жашырып коюучу органга айланып калган. Бул кызматта жемкорлук ыраса өөрчүгөн. Негизи Баткен ири наркотрафиктин жолу экенин билесиздер, балким прокурордун өлүмү ушуну менен да байланыштуу болушу ыктымал. Менимче, Анарбай Мамажакыпов чоң бир жемкорлукту жашырууга макул болбой койгондугу үчүн жайлап тынышты”.
Айтмакчы, прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлтүрүлүшү - бул узап бараткан ноябрь айындагы Баткен облусундагы адам өмүрүнө, болгондо дагы жетекчиге экинчи ирет кол салуу. Анткени, 6-ноябрда өз үйүнүн жанында эле Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин төрагасы Кубанычбек Баяновду атып кетишкен.
Баса, Анарбай Мамажакыпов 1974-жылы 2-январда Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Эмгек жолун 1998-жылы баштаган. Кийинки кезде Талас облусунун прокурору болуп иштеген. Быйыл 30-майда Баткен облусунун прокурорлугуна дайындалган эле.
Соңку сааттарда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча прокуратуранын дагы алты кызматкери тергөөчүгө сурак берип чыгышты. Анткени, булар каргашалуу окуя болгон маалда Анарбай Мамажакыпов менен чогуу тоого аң уулоого барышкан экен. Баса, Баткенде каза тапкан прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам иретинде Башкы прокуратуранын сегиз жүздөн ашуун кызматкеринин ар бири 1000 сомдон акча которууну чечишти.
Айтмакчы, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө күмөндүү сыңары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун жакындары анын бул кылмышты жасаганына дегеле ишенишпейт. Муну камалган Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова редакциябызга билдирди. Анын айтымында, Мелисти прокурор өзү “Аңчылык уюштуруп бер?”- деп алып кеткен.
- Эс алууга прокуратуранын жети кызматкери туруп, жетекчисинин ушундай мас абалында уулубуздун автоунаасына салып беришкени, албетте, жоопкерсиздик! Мыйзам сактап, мас айдоочуга салып бербей, кер-мур айтышканда эле алар экөөнү тең ажыратышы керек эле. Же аны коштоп үйүнө жеткириши милдет болчу, - деп тызылдады Гүлбара Абдрашитова.
А СОҢКУ СААТТАРДА...
Өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн улам облустук прокуратурада жетекчилик кызматта иштегендерди бүт жумушунан бошотту. Көзөмөл органдын жетекчиси Баткенге атайын учуп барып, аймактагы бардык укук коргоо органдарынын катышуусу менен жыйын дагы өткөрдү. Ички иштер министрлигинин маанилүү иштерди иликтеген бөлүмүнө прокурордун табышмактуу ажалын кенен-чонон иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди. Тергөө иштери маалында облустук прокурордун эки орун басары, прокуратуранын эки бөлүмүнүн башчысы жана Баткен районунун прокурору ишинен четтетилди. Ал эми Баткен облустук прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев дайындалды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити