УКМКнын абагында отурган депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулганын УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, буга дейре Артыкбаев толук кандуу текшерүүдөн өткөн да, анын жыйынтыгында аны ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган. 

 

Кыйноолорго каршы Улуттук борборунун маалыматына караганда, Артыкбаевди учурда операцияга даярдап жатышат.