Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ак-Таш жайлоосунда беш күн мурда жоголгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзгөрүш айылынын 1966-жылы туулган К. Мансуров аттуу тургуну 29-ноябрдан үйүнөн чыккан. Ал Ак-Таш жайлоосуна жоголгон жылкыларын издеп кетип, ошол бойдон кайрылбаган.