Ош базарындагы өрт жалмаган жердин аянты 500 чарчы метрге жетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бейшеналиева жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт тууралуу куткаруу кызматына кабар түнкү 23:38де келген. Кырсыктын курмандыктары жана жабырлануучулары жок.
Окуя болгон жерге ӨКМнын алты өрт өчүрүү техникасы тартылган, ошондой эле ИИМдин ыкчам тобу барган.
Ушуну менен Ош базарында төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда.