29-ноябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун  Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын тургуну 1966-жылы туулган К. М. үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайынсыз жок болууда.  Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 2-декабрь күнү жалпы 25 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.

 

 3-декабрь күнү ишдөө иш-чараларын улантуу максатында саат 04:00дө КР ӨКМнен 22 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 40 адам 4 унаа 9 ат менен чыгып кетишкен. Кошумча маалымат берилет.