Бишкектеги Биринчи май райондук соту жаңы имаратка көчөт. Маалыматтарга караганда, ал Москва көчөсү 163-1 дарегинде жайгашкан.
Жогорку соттун алдындагы Соттук департамент соттун имаратынын айланасын жашылдандыруу жана көрккө келтирүү боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымат жайгаштырылды.
Андан сырткары имараттын фасады оңдолуп, көзөмөл-өткөрүү пункту курулуп, дарбаза орнотулат. Анын баарына 36 миллион сом чыгымдалышы күтүлүүдө.