"Түндүк" темир жол бажысынын жетекчи орун басары Элнура Мамбетжунусова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганын маалымат каражаттары жазышууда. 

 

Анда жазылгандай, Мамбетжунусова менен бирге бажынын статистика бөлүмүнүн жетекчиси кармалган. Алар бажы пошлиндерин төлөө боюнча жасалма документтерди беришкен деп шектелишүүдө. 

 

Буга дейре аталган бажынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев кармалып, анын мыйзамсыз иш аракеттеринин кесепетинен мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирилгени айтылган.