Түркиянын Стамбул шаарынын тургундары полицияга кайрылышып, кыргыз улутундагы үй кызматчысы тоноп кеткенин билдиришкен.
Бул тууралуу haberler.com басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ал кыз үйдүн сейфинен акчаларды жана баалуу буюмдарды уурдап кеткен. Жалпысынан Кыргызстандын Е.Т. аттуу жаранына сейфтен 16 миң лир, 2 миң доллар, сумка жана саат уурдап кетти деген шек түшкөн.
Шектүү кармалганда анын үйүнөн уурдалган буюмдар жана акча табылган. Ал 1 миң лираны иштетип салгандыгы маалым болгон.