Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн 5 млн сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буйрукка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2,5 млн сомдон) президентинин резервдик фондунан 5 млн сом бөлүндү.