Ысык-Көл облусунда бороон-чапкындын айынан жабыркаган электр мамылары 16-декабрга чейин алмаштырылат. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактарынан” билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-декабрда катуу шамалдан Өрнөк жана Чоктал айылдарында бир нече электр мамылары жабыркаган. Тамчы аэропортунун көрсөткүчү менен шамалдын ылдамдыгы секундасына 32 метрге жеткен.
Учурда ал жерде энергетиктер иштеп жатат. Электр мамылары эки жуманын ичинде толугу менен калыбына келтирилет.