Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен облусунун Самаркандек айылындагы «Нур Ислам» мечитинде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 3 каптан көмүр акысыз таратылды.
Маалыматка караганда, кайрымдуулук жергиликтүү ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун колдоосу менен уюштурулуп, көмүр Сүлүктүдөн алынып келинген. Жалпысынан 25 тоннага жакын көмүр акысыз таратылган.