Бишкек ШИИБИнин кызматкерлери Тилек Садыкбеков менен Мырзабек Турмахамбетов 27-ноябрда көчөдө эсин жоготуп жыгылган жаранга жардам беришти. 

 

Алар бул күнү Спорт сарайы жайгашкан аймакта иштеп жатышкан. Милиция кызматкерлери жигит келип, үйлөрдүн биринин короосунда киши эсин жоготуп жыгылганын кабарлаган. Окуя болгон жерге дароо барышкан милиционерлер Тез жардам чакыртышат. Милиционерлер кишинин чөнтөгүн карашып, кымбат баалуу эки телефон табышып, аны менен апасына коңгуроо кылып, акыбалды кабарлашат. Тез жардамдын дарыгерлери жарандын өздүгүн билүү максатында документтерин издеп жатышып, чөнтөгүнөң 397 миң сом табышат. Аңгыча, жарандын апасы келип, уулу менен акчаны алып кеткен.