Кыргызстандык спортчу Алина Камалова Литвада өткөн кикбоксинг боюнча ачык чемпионатта күмүш медалдын ээси болду. Таймаш 2-декабрда Вильнюс шаарында болгон. Кыргызстандык спортчу 70 кгдан ашык салмактагы категорияда таймашкан. 

 

Ал чечүүчү турда Польшадан келген спортчуга каршы турган. Жыйынтыгында, польшалык спортчу жеңип, кыргызстандык спортчу күмүш медалга татыган.