Россиянын "кара тизмесине" түшкөн кыргызстандыктардын жарымы тизмеден 10-декабрга чейин чыгарылат. Бул тууралуу "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди. 

 

Маалыматка караганда, учурда кыргызстандарга Россиядагы миграциялык амнистия тууралуу түшүндүрмө берилүүдө. 

 

Ибраимжанов бул мүмкүнчүлүктөн "кара тизмедеги" көпчүлүк кыргызстандыктар пайдалана алышаарын белгиледи. Ошондой эле, амнистия аркылуу тизмедеги кыргызстандыктардын саны эки эсеге азаят. 

 

 

Учурда "кара тизмеде" Россиянын миграциялык мыйзамын бузган 20 миң кыргызстандык бар.