Кыргызстанда акыркы жылдарф Өзбекстандан келген мигранттардын катары кескин өсүүдө. Бул тууралуу "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында, миграция маселеси талкууланып жатканда айтылды. 

 

Депутат Умбеталы Кыдыралиевдин айтымында, Кыргызстанга коңшу өлкөдөн 2014-жылы 17 миң мигрант келген, 2016-жылы алардын саны 55 миңге өскөн,өткөң жылы 100 миң жаран болсо, быйыл 217 миң өзбекстандык кыргыз жеринде иштеп, каражат табууда. 

 

Ал кыргызстандыктардын башка өлкөгө иш издеп кетип, алардын ордун коңшу өлкөлүктөр басып жатканына тынчсызданды. 

 

"Сырткы миграцияга Кыргызстандын түштүк аймактарынан көп кетишет. Өзбекстандын жарандары ошол аймактарга иштегени келип жатышат. Ошондо, биз өз жарандарыбызды сыртка жиберип, алардын ордуна башкаларды алып жатабыз", - деди депутат. 

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын 300 миң жараны Россиянын кара тизмесинде турат. Ошондуктан, алар ал жакка кетише алышпай, Кыргызстандан иш издөөгө аргасыз.