Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орнотулган башкы балаты 10-декабрда жандырылаары тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жуманын аягында балатыны жасоо иштери башталат. Жаңы жылдык салтанатты уюштурууга 7 миллион сомго чамалаш каражат бөлүнгөн. Бул каражат бир гана башкы балатыга эмес, айрым мамлекеттик мекемелердин жанына орнотулчу балатыларга да арналат. ал эми 31-декабрда шаардыктар жана коноктор үчүн концерттик программа уюштурулат.