"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Кыргызстандагы ички миграция маселелери талкууланды. Ага эл аралык миграциялык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Өкүлдөр ички миграциянын көбөйүү себептерин аныктоого аракеттеништи. Айтымдарында, биринчиден, айыл жеринин жашоочулары жумуш издөө максатында шаарга, же башка аймактарга көчүшөт. Андан сырткары кээ бир жарандар жашаган жерине кесиби туура келбегендиктен, жакырчылыктан улам жер которушат. Ошондой эле начар экология да себеп.
Эң кызыктуу себеп - ала качууга туш болгон кыздар. Миграция уюмдарынын өкүлдөрү белгилегендей, ала качууга кабылып турмуш курууга аргасыз болгон кыздар турмушунан ажырашса, айылында кала албай, башка жакка көчүп кетишет.