Кыргызстанда 24 интернет-сайт, социалдык түйүндөгү 5 баракча жабылды. Алар террорчулукка үгүттөө жүргүзүүдө деп айыпталган.
УКМКнын төрага орун басары Асылбек Кожобековдун КСДПнын жыйынында билдиргенине караганда, бул сайттарды жабууда 8 соттук чечим чыккан.
"Терроризмге жана экстремизмге үгүттөгөн социалдык тармактагы баракчаларды жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан ал сайттардын администрациясына расмий каттар жөнөтүлөт", - деди төрага орун басар.