Депутат Иса Өмүркулов кесиптеши Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Айтымында, партиянын көп сандаган мүчөлөрү баарына чекит коюшат да, партиянын саясий кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө баа беришет.
"Партиянын бардык мүчөсүнүн укугу бирдей. Биздин бардык партиялаштарыбыз мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, күрөшүүгө чогуу барышкан. Өлкөнүн туруктуулугу үчүн салым кошушкан. Алардын арысынан бир тобу Ала-Тоо аянтында түбөлүк жер таянышты. Муну унутпоо керек. Бүгүнкү күндө өзүбүз партиянын ичине жарака кетирип, эки бөлүүгө аракеттенүүнүн зарылчылдыгы жок", - деди депутат.
Ал Ирина Карамушкинанын "партиянын мүчөсү болбогон мүчөлөрү" тууралуу билдирүүсүнө мындай деди:
"Ошол жөнөкөй мүчөлөр режимге каршы күрөшүп, жеңип чыккан күчтү курашты. Бүгүн аларды экинчи сорттогудай атоо жумшак айтканда, маскаралоо болуп саналат. Жогорку трибунада туруп алып, арыз жазууга чакырык таштоонун кереги жок. Биз баарыбыз бирдейбиз, биз баарыбыз президентти колдоп чыкканбыз, биз партияда жана мамлекетте туруктуулук болушун каалайбыз. Биз жеке кызыкчылыктар үчүн эмес, жаратуучулук үчүн күрөшкүбүз келет", - деди ал.