Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоору боюнча түзүлгөн келишимге токтолду.
"Бул долбоор боюнча документтерди карасак, ал жакта коррупциялык схема ачык эле көрүнүп турат. Соттун чечими күчүнө кире элек, бирок орусиялык компания менен болгон келишим ишке киришти. Парламент 2019-жылдын бюджетин беките элек, ал эми мекемелер ич ара айыппулдарды бөлүштүрүп алышты. Муну кандай түшүнүүгө болот? Эгер сот чечим кабыл албаса, а компания Жогорку Нарын каскадына байланышкан окуядай болуп, милдетин аткарбай качып кетсечи? Бул туула элек уй сүт берип, анан аны сата башташкандай эле болуп калбадыбы. Эмнеге бул долбоор мындан мурда иштеп баштаган эмес? Зарылбек Рысалиевден сурагыла, ал баарын билет. Бакунун мэринен сурагыла, ал аз акчага ушундай долбоорду ишке ашырып койду. Эмнеге өкмөт күмөндүү келишимдерге макул болот? Коррупция мына ушунда жатат", - деп күйүп-бышты депутат.