Майрам күндөрүнүн көптүгү мугалимдерге эки эсе зыян алып келет. Биринчиден, ал күндөрдүн окуу программасын окутуп жетишүүсү керек. Экинчиден, ал күндөр үчүн акы төлөнбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.
"Мугалимдер майрам күндөргө туш келген апта ичиндеги күндөрдө иштешпегени менен ал күндөрдүн окуу программасын окутуп жетишүүсү керек,. Бирок ага акча төлөнбөйт жана майрам күндөрүнө туш келген күндөр үчүн эмгек акы эсептелбейт", - деген депутат бул жагдайды карап чыгуу зарылдыгын көтөрдү.
Ал эми депутат Карамат Орозова бүтпөгөн мектеп маселесин көтөрдү. Айтымында, Баткен облусундагы Соң анклавындагы Д.Акматов атындагы мектепте 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүлөт. Мектептин жаңы имараты 7 жылдан бери бүтпөй келет. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылындагы Үч-Дөбө мектебинде башталгыч класстар үчүн гана курулган, чоң класстар коңшу айылга барып окуп келет. Кошумча имарат курулуп башталып, токтоп калган.