Мектепке окуучулардын уюлдук телефон көтөрүп баруусу аларды билим алуудан алагды кылат. 

 

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров билдирди. 

 

 

"Мектеп окуучуларынын окуу маалында мобилдик телефондорду колдонуусуна тыюу салуу керек. Телефондорун мектепке киргенде өткөрүп беришсин ла, окуу бүткөн соң алгандай кылып шарт түзүү зарыл. Бул боюнча мектеп уставдарына өзгөртүү киргизүү керек", - деген депутат   дүйнөлүк невропотологдордун смартфондор балдардын ден соолугуна кандай зыян келтире тургандыгы боюнча мисалдарды  келтирди.

 

 

Депутат Орозбек Алыбаев Панфилов районундагы Чалдыбар айыл өкмөтүнө караштуу Фрунзе айылында бала бакча жетишсиздигин көтөрүп чыкты. Мурдатан калган 2 бала бакчанын биринде 2 эсе бала көп. Ал эми экинчи бала бакча өз кезегинде Чек ара кызматына өткөрүлүп берилген.

 

“Жергиликтүү эл бала бакчаны кайра өз максатына кайтарууну талап кылып жатат”.- дейт О.Алыбаев.