Жакында маалыматтык агенттиктердин биринде окурманга шилтеме берүү менен “Түнкү маалда интернет-кафелерде балдардын жүргөндүгүн кимдир-бирөөлөр көзөмөлгө алышыбы?” деген макала жарык көргөн. Москва көчөсүнүн жанында Тынчтык проспектисинин кесилишинде интернет-борбордун бардыгы жана ал жакта көбүнчө балдар тармактык оюндарды ойноо үчүн келишээри маалымдалган. Окурман кечинде ата-энелер балдары үчүн кабатырланбоосу үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин каникул учурунда жогорудагыдай жайларга рейддерди жүргүзүүнү кеңеш берген.
Ушуга байланыштуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы маалымдайт, ИИОнун аймактык жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы кызматкерлери тарабынан бир нече жылдардан бери мектептерде, лицейлерде, колледждерде окугандар менен биргеликте укук бузууларды жана коомго каршы иш-аракеттерди алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүшүп келет.
Шаардагы жана башка аймактардагы интернет-клубдар түнкү маалда саат 22:00 кийин улуулардын көзөмөлү жок жүргөндөрдү аныктоо максатында текшерүүлөр жүргүзүлөт.
2018-жылдын 10 ай ичинде республиканын ИИОнун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери “Өспүрүм”, “Кароосуз калгандар”, “Камкордук”, “Антирекет”, “Лидер” сыяктуу 1300 рейддик иш-чара өткөрүшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн аралыкта 6540 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, алардын ичинен селсаяктык кылгандар-2015, спирт ичимдиктерин ичкендер-42, кайырчылык менен алектенгендер-365. Рейддик иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция бөлүмүнө 15700дөн жогору өспүрүм жеткирилген.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын маалыматы боюнча ушул жылдын 10 ай ичинде түнкү маалда ата-энелеринин коштоосу жок көчөдө жүргөн 4475 өспүрүм балдар алардын ичинен интернет-клубдарда 1240 аныкталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу борборуна 936 өспүрүм жеткирилген. Калгандары ата-энелерине тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 65-1-беренесинин ( Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо) талаптарын аткарбагындыгы үчүн 770 ата-энеге протоколдор түзүлдү.
Бишкек шаарында түнкү маалда ата-энесинин (жакындарынын) коштоосу жок 543 жашы жете элек өспүрүм интернет клубдарда жүргөндүгү аныкталган.
Улуулардын коштоосу жок түнкү маалда интернет клубдарда өспүрүмдөрдүн жүрүүсүнө болбоору тууралуу интернет клубдардын ээлерине жана администраторлорго ар дайым түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында 25 интернет клуб бар жана ал жакта ар дайым түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Москва көчөсүнүн жанында Тынчтык проспектисинин кесилишинде интернет клубда Биринчи май РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен түнкү маалда интернет клубда жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган жок, бирок рейддик иш-чаралар улана берет.