2018-жылдын июль айында Айжан Исмаилова жалпыга маалымдоо каражаттарына апасын издегенге жардам сурап кайрылган.
Айжандын айтымында, атасынын аты Леня, ал эми апасын аты Тамара болгон. Апасынын улуту казак болгондуктан, Казакстанга көп каттачу.

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Казакстан Республикасынын ИИМдин полициясы менен биргеликте Казакстан Республикасынын аймагында жана биздин өлкөнүн ичинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн.

 

Тилекке каршы, табылбай, оң натыйжа берген эмес. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, Айжандын апасын көргөн-билгендер же маалыматы барлар болсо Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКга кайрылып же 0 555 304 683, 0 703 032 274, 0 (312) 26-63-17, 0 (312) 26-62-61 телефонуна байланышууну өтүнөт.


Сүрөттө  Айжандын апасы