Акыйкатчы институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 24-ноябрда Баткен облусунун прокурорун өлтүрдү деп шектелип жаткан Мелис Калыковго абакка барып жолугушуп кайтышты.
Жолугушууга шектүүнүн адвокаты да катышты. Калыков институттун кызматкерлерине кармалгандан кийин милиция кызматкерлеринин ага карата бардык аракеттери адвокаттын катышуусу жок болгонун билдирген.
Айтымында, ага милиция кызматкерлеринин басымы болгон. Ал прокуратуранын жана милициянын кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Бирок, шектүү Калыков соттук медициналык экспертизадан денесиндеги кыйноодон калган тактарды аныктап коюу үчүн өтүүдөн баш тартты.