Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Н. Сулайманов облустук прокурорду өлтүрүүгө шектелген Баткен шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковго карата милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор жасалгандыгы тууралуу билдирген маалымат тараган.
Бул боюнча КР ИИМ билдирүү таратты. Анда, "Адам өлтүрүүгө шектүү катары Мелис Калыковду кармагандан кийин ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн бардык тергөө иш-аракеттерине Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары катышкан жана аны эч ким сабаган эмес", - деп белгиленген. Андан сырткары, суракка алуудан мурда шектүүнү медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүлгөн жана документте М. Калыков аттуу жаран кармала элек учурда денесинен жаракат алгандыгы көрсөтүлгөн.
Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө Калыков облустун прокурору менен мушташкан учурда денесинен жаракат алгандыгы такталган. Болжолдуу маалымат боюнча урушуунун кесепетинен чыккан мушташта Мелис Калыков мергенчилик курал менен Анарбай Мамажакыповго ок чыгарып, андан соң кылмыштын изин жашыруу максатында жансыз денесин өрттөп салган. Анарбай Жакыповдун денесинин сексен пайызы күйүк болгондуктан, анын туугандары денени араңдан зорго таанышкан.
Азыркы учурда шектүү М. Калыков Ош шаарынын тергөө абагында кармалып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы тарабынан кылмыш иши иликтенип жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы адам өлтүрүүгө шектелген Мелис Калыков милиция кызматкерлери тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбегендигин билдирет.