Заманбап модада башты тегереткен нерселер көп, бирок, эгер өзүңүздү ишенимдүү сезгиңиз келсе, кез-кезде стилисттердин кеңешине кулак салып коюу ашыктык кылбайт. Төмөнкү гармониялуу айкалышууну эске тутуу менен сиз эч убакта образды тандоодо жаңылбайсыз.

 

 

Кара шым

 

Кара шым баарына кете берет деген түшүнүк бар. Бирок, бардык эле бут кийимдер кара шымга жарашпайт. Кара шым менен ак туфли жана күрөң түстөгү ар кандай бут кийимдерди кийүүгө болбойт. Кызыктуу образ түзгүңүз келсе, аталган түстөрдөн башка түстөгү бут кийимдерди тандаңыз.

 

Сур жана каралжын сур шым

 

Бардык өңдөгү бут кийимдер менен айкалышат. Кандай бут кийим менен болсо да  кийе бериңиз. Бут кийимиңизге ылайыктуу шым таба албай жатсаңыз сур же каралжын сур шымды коркпой тандасаңыз болот.

 

Крем түстүү шым

 

Мындай шымдарга агыш жана ачык түстөгү бут кийимдерди тандаңыз. Бир гана  кара түстөгү бут кийимдерден качыңыз. Кара менен агыштын айкалышуусу өтө эле одоно көрүнүштү  пайда кылат.

 

Көк шым

 

“Жинсы” өңүндөгү бардык түстөргө бардык түстөгү бут кийимдер ылайык келет. Универсалдуу вариант.

 

Бургунди жана күңүрт кызыл шым

 

Мындай шымдарга сыя жана күңүрт-күрөң түстөгү бут кийимдерден башка бардык бут кийимдер ылайык келет. Ал турмак жашыл жана көк түстөгү бут кийимди да кийсеңиз болот. Эгер классикалык образ тандагыңыз келсе, мындай шым менен сур өңдөгү бут кийимди кийиңиз.

 

Ачык күрөң шым

 

Бул менен кара жана сур бут кийим жарашпайт. Кошумча түстөрдү туура тандоо менен күңүрт-кызыл, же жашыл түстөгү бут кийимди кийип алсаңыз деле болот. Бирок, сур өңдөгү бут кийимди такыр жакындатпаңыз.

 

Хаки, оливка жана жашыл түстөгү шым

 

Бул өңдөгү шымдар жашыл түстөгү бут кийим менен гана жарашыксыз көрүнөт. Башка бардык өңдөгү бут кийимдер менен кайталангыс образ жаралат. А бирок, жашылга тыюу салынат.

 

Ак шым

 

Ак- базалык өң, ал дээрлик бардык түстөр менен айкалышат. Бир гана нерсе, стилисттер күнүмдүк жашоодо, анын үстүнө офистик образда ак шым менен кара түстөгү бут кийим кийүү ылайыксыз экендигин айтышат.