Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиевдин айтымында, шаарда экологиялык коопсуздук боюнча 2018-жылы  286 текшерүү иши жүргүзүлгөн. Акыркы жылдары өкмөт айлана-чөйрөнү сактоого багытталган иш чаралардын планын иштеп чыгып, буга көп көңүл бурууда. 

 

Ал белгилегендей, 286 текшерүүнүн 120сы пландалган болсо, 50сү пландан тышкары жүргүзүлгөн. Эреже бузууларга 160 эскертүү берилген.  62 протокол түзүлүп, эреже бузуучуларга 729 миң сом өлчөмүндөгү айып пул жазылган. 

 

"Мыйзам боюнча милдеттүү техосморт жүргүнчүлөрдү жана кооптуу жүктөдү ташуу менен алектенген атайын жана атайылаштырылган транспорттук  каражаттарга гана киргилген. Башка тарспорттук каражаттары өз эрки менен гана техосмотрдан өтүшөт. Буга байланыштуу зыяндуу заттарды таштоону көзөмөлгө алуу кыйынчылыкты жаратат", - деди вице-мэр. 

 

Айтымында, бүгүнкү күндө ЖЭБдин абаны булгоосу жалпысынан 14 пайызга жетүүдө.