Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев ал кармалгандан бери бир да жолу суракка алына электигин билдирди. 

 

"Илмиянов кармалгандан бери УКМКнын тергөөчүлөрү аны суракка алыша элек. Ошондуктан, ал көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат деп жарыялоонун кереги жок. Эч кандай тергөө амалдары - сурак да, бетме бет келтирип суракка алуу да жүргүзүлбөгөн", - дейт адвокат. 

 

Илмиянов учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ага 2017-жылдагы президенттик шайлоодо "Дизель комплект" ЖЧКсынан 150 миң доллар каражатты сыйлык иретинде алганы үчүн айып тагылган. Сот Илмияновду 28-январга чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.