Жалал-Абад шаарында муниципалдык менчиктен шаар казынасына түшүүчү киреше улам өсүп баратат. Шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын билдиргенине караганда, шаардын  казынасына быйылкы 10-ай ичинде14 миллион 616,6 миң сом түшкөн, ал эми бекитилген план12 миллион 77,3 миң сомго  белгиленген. Киреше жагынан план 121 пайызга аткарылган же болбосо 2 миллион 539,3миң  сом  ашыкча  каражат түшкөн.

 

Киреше түшүүчү багыттар боюнча алганда, жер участокторун ижарага берүү боюнча 9 жолу конкурс өткөрүлүп,95 жер участкасы ижарага берилген. Жер участокторун ижарага берүүдөн  6 миллион 950,4миң сом каражат. Ал эми белгиленген план 6 миллион 166,6миң сомго барабар болсо, планды аткаруу  112,7 пайызга  аткарылып, шаар казынасына 783,8 миң сомго ашыкча түшкөн.

 

Ошондой эле муниципалдык объектилерин натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу менен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында сейил бактарда жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.