"Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу ар түрдүү коркунучтарды камтыган чагымчыл аудио-маалыматтарды жана видеотасмаларды жайылткан учурлар кездешүүдө. Социалдык тармактарда көп сандаган маалыматтар таралып жатат. Чагымчыл маалыматтар интернет тармагында ушул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен убактысы өзгөртүлүп, таркалууда.
Мисалга алсак, биздин кинотеатрларда ийнелердин табылышы боюнча ушактар таралып, текшерүүгө алынганда бул маалымат такталган жок. Андан бир дагы жабырлануучу кайрылган эмес. Жайылып жаткан жалган маалыматтар чындыкка коошпойт.
Акыркы жолу ушуга окшош маалымат жалпыга тарап, ал дагы аныкталган жок. Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү коомчулукка чагымчыл, жалган маалыматтарды жайылткандардын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат", - деп эскертет КР ИИМ.
Кыргыз Республикасынын ИИМи жарандарды WhatsApp жана башка социалдык тармактар, Интернет булактары аркылуу жайылып жаткан чагымчыл, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Чагымчыл маалыматтарды тараткандардын же аны менен бөлүшкөндөрдүн өздүгү такталып, тиешелүү жазаларды алышат.