Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тарбиячынын тарбиялануучуларга орой мамиле жасап, ал турмак кол көтөргөнүн чагылдырган видео Интернетке тараган.
Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы 29 жаштагы тарбиячыга карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, тарбиячы учурда үч жаштагы кызды сабаганы үчүн жашаган аймагынан сыртка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген. Анын үстүнөн арызды үч жаштагы кыздын апасы жазган. Кылмыш иши КР Кылмыш жаза кодексинин "Жашы жете электерди тарбиялоодогу милдеттердин аткарылбашы" беренеси боюнча козголду.