КР ИИМ экс-президент А.Атамбаевдин 2018-жылдын 19-ноябрында телеканалдардын бириндеги билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Анда, Атамбаев 2017-жылы президенттик шайлоодо кетирген чыгымдар боюнча тараган маалыматка байланыштуу КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтеринин өмүрүнө жана анын үй-бүлөөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн экенин жарыялаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, КСДПнын бугалтери социалдык тармактарда президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби пайда боло электен мурда, 2018-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын чек арасынан чыгып кеткендиги аныкталган.
Андан сырткары, 18-ноябрда мурдагы президенттин айткан сөздөрүнөн кийин коомдук кызуу талкуу жаралган учурда бухгалтердин баласы дагы чегарадан чыгып кеткен. Белгилеп кетебиз, ИИМдин дарегине жана башка укук коргоо органдарына бүгүнкү күнү ушундай көрүнүштөр менен бир дагы жаран кайрылган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ИИМи кайрылууну (арыздануучу) жөнөкөй жаран же жогорку мамлекеттик кызматтагы адам деп бөлбөй туруп, бардык кыргызстандыктардын жеке коопсуздугу боюнча маалымат түшкөндө өз убагында иш-аракеттерди жүргүзүгө милдеттүү. Эгерде КСДПнын штабынын бухгалтери өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы боюнча маалыматы бар болсо жана өлкөгө кайтып келип ИИМге кайрылышса, коопсуздукту камсыздоо менен ар тараптуу жана калыс иликтөөгө алына тургандыгын белгилейбиз", - дейт ИИМ.