КСДПнын мурдагы пиарщиги, орусиялык журналист Алексей Василивецкий 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин моюнуна алды. Айтымында, буга чейин журналисттер ага ушул багыттагы суроону берип келишкен, бирок ал шайлоо кампаниясына катышпаганы боюнча калп жооп кайтарып келген. 

 

"Мен эмнеге калп айттым? Анткени, кимдир-бирөөгө зыянымды тийгизип коемунбу деп корктум. Анткени, Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет өлкөлүк жарандар үгүт иштерине катыша алышпайт эмеспи. Эми гана мен эч кандай мыйзам бузбаганымды түшүндүм. Штабдагы менин милдетин кеңеш берүү багытында эле. Эч кимди үгүттөбөдүм. Сооронбай Жээнбеков менен 2017-жылдын март айынан баштап иштештим. Муну текшерүү оңой эле, мен өкмөт үйүнө пропуск менен киргем", - дейт орусиялык журналист.

 

Ал шайлоо штабында иштегени үчүн 170 миң доллар айлык акы алганын да белгилеген. 

 

"Акча боюнча азыр баары айтып жатышат. Мен башкалар үчүн жооп бере албайм. А өзүм кетирген чыгымымдын эсебин кайтардым. Мага бул акчаны которушту, мен алдым. Буга укуктуу элем,анткени ал учурда консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча патентим болгон. Бир канча убакыттан кийин артымдан аңдуу жүргөнүн байкап, коркутуу-үркүтүүлөргө дуушар боло баштадым. Ошондуктан Кыргызтандан чыгып кетүүнү чечтим", - деген Василивецкий. 

 

 

Буга дейре адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун штабынын акча-каражаттары көрсөтүлгөң документти жарыялаган. Ал бул документти ишеничтүү кишиден алганын белгилеп, документте көрсөтүлгөң сумма менен штабдын расмий маалыматындагы суммада айырмачылык чоң экенин билдирген.