"Чалдыбар-автоунаажолу" көзөмөл өткөрүү пунктунун чегарачылары Кыргызстандын жаранын башка бирөөнүн паспорту менен кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, аталган пунктан өтүп бараткан кыргызстандык 1976-жылы туулган А.А.аттуу жаранга берилген паспортту көрсөткөн. Бирок, чегарачылар ал кишинин паспортко тиешеси жоктугуна шектенип калышкан. Тыкыл сурамжылоодон кийин чегарачылар кыргызстандык эгиз түгөйүнүн паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган. 

 

Кармалган У. А. сурак учурунда Казакстанга бир тууганынын паспорту менен өткүсү келгенин, анткени, өзү Кыргызстандын аймагынан тышкары чыга албашын моюнуна алган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.