Өзбекстан бүгүн 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет.

 

25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

 

Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым.