Майлуу-Суу шаарында аскердик милдетин өтөп жүрүп, кырсыкка кабылган жоокер Руслан Сапарбаевдин адвокаттары сотко доо арыз жазышты. Жоокер Башкы штабдан моралдык зыян катары миллион сом талап кылууда.
Адвокаттардын айтымында, жоокер кызмат өтөгөн №30295 аскердик бөлүмдүн командирлеринин үстүнөн да арыз жазылды. Доо арызчылар алардын ар биринен 500 миң сомдон өндүрүүнү ниеттенип жатышат.
Руслан Сапарбаев токко урунуп, алгач бир колунан, бир аз убакыт өткөндөн кийин экинчи колунан да ажыраган. Башкы штаб окуяны кырсык катары сыпаттаган жана жоокердин бир колуна протез алып берген. Экинчи протезди алып берүүгө каражат жоктугун айтышкан.