Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда,  жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

 

Анын ичинде Премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур»  көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.

 

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.