Кыргыз-Чыңгыз
(даректүү аңгеме)
Күндөрдүн биринде күнөстүү Кыргызстандын ордолуу Ош шаарында узатып барган тууган-урук, дос-жар, эже-карындаш жана Ата журтум менен коштошуп, ТУ-154 учагы менен алыскы Владивосток шаарын көздөй Ата мекенди коргоо үчүн аттанып кеттим.
Владивосток шаарынын чеке бели токой менен оролгон. Жапжашыл болуп, өтө кооз жер экен. Жоокерлердин салтына ылайык, эрте менен кечке ар түрдүү машыгуулар, сааты менен саясий окуу сабактары өтүлүп турду. Эрте менен алты чакырымды күнүгө чуркачуубуз. Айрым көпшөк балдардын көрбөгөнү көр болуп, бир топ кыйналышты. Тоо боорунда төрөлүп, күн сайын коктудан кокту кезип мал кайтарып, жылкы кубалап, беш чакырымдан ашык келген айылдагы мектебиме чуркап барып келип жүргөндүктөнбү, мен солдаттык турмушка тез эле көнүп кеттим. Анын үстүнө ат ойното улак чаап, спорттук машыгууларга катышып жүргөнүмдүн да пайдасы тийди.
Биздин взвод ротанын эң артында чуркагандыктан, чаң көтөрүлүп, таза аба жетишпей калчу. Чаңдан качуу максатында катуу чуркап, ортодогуларды басып өтүп, биринчи взводдун балдарына кошулуп алдым. Ротанын старшинасы жакшы жүгүргөн балдарды жактырчу, ал мени байкап калган экен: “Сыдыков, сен жаныма кел, экөөбүз бирге чуркайбыз, жарышабыз”,- деп алдыга чакырып алды. Кайтып келгенибизде биздин взводдон кенже сержант Т.Шевченко байкатпай туруп кулак түбүмө бир муштады. Кайтпасмын да, сержант экенине карабай, бурулуп туруп ооз талаштыра берип калдым. Ал муну күтпөгөн нерседен, көзү чекчейе түшүп, муштумун түйө ынтылды. Менин жүзүмөн эч нерседен кайра тартпай тургандай өжөрлүктү байкады сыягы, даай албады. “Өз взводуңда чуркабаганың үчүн сага көрсөтөм”- деп ызырынып басып кетти. Ошондо туйдум менин старшина менен ымалалашып кеткенимди көралбай жатканын.
Ошол күндөн баштап тынчтык жок, сержанттар өтө оор тапшырмаларды берип, кыйнай башташты. Бардык сыноолоруна чыдадым. Бир күнү кечинде Шевченко: “Курсант Сыдыков, жуунуучу жайга киргин, иш бар”- деди. Чочулай баш бактым. Өзү менен төрт сержант бар экен. Бирөөсү: “Бери бас, салабон!”- деп туруп тумшук талаштыра согуп жиберди. Көзүмөн от чагыла түштү. Өзүмдү эстегенче ал жак, бул жактан муштар атыла баштады. Коркуп туруп калбадым. Көзүмдөн чаар чымын учуп, бүт тулкума Манастын кайраты кирди. Жанкечтилигим кармады. Илбирстей атырылып барып бирөөсүн тээп өттүм, бурчтагы швабраны илип алып, бирөөсүн төбөгө чаптым. Башынан кан шүйшүңдөй түштү. Менин да маңдайым канталады. “Болду, жетишет!”- деди бирөөсү. Биздин полкто тартип катуу эле, бети-башы жарылса, жакшылык болбой калат деп чочулашты окшойт. Энтигишип туруп калдык.
- Да-аа, өжөр экенсиң, улутуң ким? Казаксыңбы?,- деп сурады сулууча келген ага сержант баягыдан жумшарып.
- Жок, кыргызмын.
- Кыргыз?..Ушундай да улут барбы? Кыргыздар кайда жашашат?
- Жериңер кандай? – деп таңыркашты.
Ушундай келишкен жаш жигиттердин менин элим жөнүндө маалыматтары жок экенине ардана түштүм. Кыргыздар Ала-Тоо, Ысык-Көл сыяктуу керемет жерлердин эгеси, Манас баатырды жараткан улуу эл экенин айтып, бир топ эле саймедиредим. Эч нерсе түшүнүшпөй, бүшүркөп туруп беришти.
- Ушу силер казактардын бир эле түрү болсоңор керек?- деди Шевченко мыскылдуу карап.
- Жок! – дедим калчылдай,- керек болсо казактар да кыргыздын урпактары. Чыңгыз Айтматов деген улуу жазуучубуз бар,- дедим, бирөө-жарымы билип калабы деген үмүттө бир аз басына.
- Оо-оо!- Баары таңыркап мага тигилишти. – Чыңгыз Айтматовду ким билбейт! Чындыгында залкар жазуучу. Анын чыгармаларын окубаган адам жок чыгар, сен ошондо ал киши менен мекендеш болуп каласыңбы? Чыңгыз чын эле кыргызбы? – дешип жабалактап кетишти. Чыңгыз авамдын шарапаты менен жана эле жеп жиберчүүдөй болуп жатышкан сержанттардын мамилеси дароо жумшарды. Ал турсун сый көз менен карай башташты. Баягы ага сержант мага тике карап:
- Да-аа, кыргыз тегин эл эмес окшойт Чыңгыздай уулду жараткан, анан сенин да кайтпастыгың жакты мага, кыргыздардын баары эле сендей кайтпаспы?- деди.
- Кайтпастык биздин каныбызда бар, Манас бабабыздан калган,- деп Манас жөнүндө беш-алты ооз баян кылып бердим. Алар эми кунт коюп угушту.
- Көрдүңбү, сен кимге туш келгенсин?- дешип жанагы башына швабра тийген сержантты шакабалашты.
Ошентип сержанттар мени кечиришти, мен аларды кечирдим. Ротадагы башка сержанттар да жылуу мамиле жасашып, тийишпей калышты.
Алты айдан соң кенже сержант деген чин ыйгарып, бизди түрдүү аскердик бөлүктөргө таратып жиберди. Мен Камчатка жарым аралына карай жол тарттым. Учебкага караганда бул жерде тартип начар экен, көналбай бир топ кыйналып жүрдүм. Бир күнү ротанын “аксакалдары” (деддер) таанышуу үчүн бытовкага чакырышты.
- Сен казаксыңбы?- деп сурашты. Кыргыз экендигимди айттым.
- Мындай улуттунатын биринчи угушум, деги ушу союзда эле жашайсыңарбы? – деп мыскылдады бирөөсү.
Он чакты “аксакалдардын” бардыгы каткырып күлүп калышты. Учебкада алты ай машыгып, солдаттык турмушка бышыгып, октон буйтачуудай шамдагай, бир топ сабырлуу, токтоо боло баштаган учурум. Алар күлүп бүткөнчө күтүп турдум. Анан кыргыздар жөнүндө, бул элдин Чыңгыз Айтматов деген залкар жазуучусу жөнүндө баяндай баштадым. Мен казак эмес, ошол кыргыз элдин кулуну экенимди айттым.
Чыңгыздын аты аталганда отургандар күлкүлөрүн токтотуп, дароо олуттуу боло тынчтанып калышты.
- Ооба, Чыңгыз улуу жазуучу, аны бүткүл дүйнө тааныйт. Мен анын улуту кыргыз экендигин билбейт экенмин,- деди мени мыскылдап күлө суроо узатып жаткан Николай жоошуй.
Андан ары Чыңгыз аганын “Плаха” деген романын окуганын, анда бир эле өз улутунун эле эмес, бүткүл адамзаттык Улуу маселени – ЫЙМАН, АДЕП-АХЛАК маселесин курч козгогонуна токтолду. Анын талантына таазим этерин айтты. Мен кыргыз экениме, кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгызы бар экенине сыймыктанып, териме батпай толкунданып отурдум. Көздөрүмдүн кычыгынан кубанычтын жашы сызылды. Чыңгыз авама болгон ыраазычылыктын жашы... Кыргызстаныма болгон сагынычтын жашы...
Ошол күндөн ротадагы балдар мага өтө сый мамиле жасашып, “Чыңгыз-кыргыз” деп чакыра башташты. Ошентип, менин атым Чыңгыз-кыргыз болду да калды. Кыргыз-Чыңгыз деген сайын жигерим толкуп, жан дүйнөм улуулукка умтулат. Чыйралып, руханий кубат алам. Демденип командирлердин тапшырмаларын, өзүмдүн аскердик милдеттеримди өз убагында так аткарып жүрдүм. Бир жолу да эскертүү же сөгүш албадым. Тескерисинче, байма-бай ротанын командиринин ыраазычылыктарына ээ болдум. Ананчы, бул ыйык атка – Чыңгыз авамдын атына, кыргызымдын атына дак түшүрүүгө акым жок болчу! Ошентип, Чыңгызымын, кыргызымын улуулугу шык берип, өз атуулдук, жигиттик парзымды татыктуу өтөдүм. Эки жыл кантип өткөнүн да билбей калдым.
Күндөрдүн биринде ошол кездеги СССРдин коргоо министринин буйругу чыгып, Ата мекен үчүн чын дилинен кызмат кылган сержанттардын катарында биринчилерден болуп Ала-Тоомду көздөй сапар тарттым...
Куттуу Кыргызыстанымдын карааны көздөн учуп, төрт күн күнү-түнү кеме менен деңиз үстүндө жүрүп отурдук. Палубага чыгып, айланага көз чаптырам. Чалкыган мухит... Учу-кыйыры жок чексиз көк ирим суунун үстүндө толкундар шарпылдап, жүрөктүн үшүн алат. Ушундай түпсүз мейкиндикти жараткан Теңиримдин ыракымына таң калам. Чексиздик... чексиздик.. Капарыма Чыңгыз авам келди. Көрсө, чексиздик бир эле табиятта болбостон, адамдын жан дүйнөсүндө да болот тура. Деңиз жана Чыңгыз... Тообо, таң каларлык окшоштук. Жан дүйнөмдү бир сыймыктуу улуу сезим бийлеп кетти....
Алыстан бул түпсүздөй туюлган чоң мейкиндиктин жалгыз кожоюну сыңары бир сууга кирип, бир чыгып, чоң кит каалгый сүзүп баратат. Кеме менен жарыша сүзгөн дельфиндер. Анда-санда “жарк” деп терек бою секирип, кайра сууга чулгуп кеткен балыктар.... Деңиз үстү өзүнчө бир керемет!... Кыялга баттым. .. Солдаттык күндөр эсиме кылт этти... Көрсө ар бир секундуң – бул өмүр тура. Аскердик күндөрүм - ошол өмүрүмдүн унутулгус бир үзүмү болуп каларына ынандым. Казармалаш курдаштарымды сагына баштадым... Жаратылыштын ушундай өзүнө тарткан кайталангыс кооздугу чулгап турса да, көңүлдөр элеп-желеп. Бир нерсе жетпегенсийт. Сезим кургур бир нерсеге ашыгат. Ал - мекен кусалыгы! Тим эле күн өтпөй, туруп калгансыйт! Тим эле күн өтпөй, туруп калгансыйт. Кеме кыбырагансыйт...
Оо, кагылайын киндик кан тамган мекеним, пендесине сенден ыйык туйгу жок сыягы?!...
Кеменин ичи кенен, бардык шарттары бар. Орто чендеги ресторанда тынбай бий, ыр-күү болуп турат. Ресторандын оң капталында китепкана бар экен. Ага кирип, китептерди карай баштадым. Бир мезгилде китептерди ачып көз жүгүртүп, кайра жаап коюп жүргөн тыкан кийинген, шыңга бойлуу парасаттуу бир киши менен көзүм чагылыша түштү. Ал менин жаныма келип, улутуму сурап калды. Негедир итиркейи келгендей. Мен жалт карап, улутумун кыргыз экенин айттым. Ал неме таң кала эч нерсе түшүнбөгөндөй, мени теше тиктеп тураберди. Дароо түшүндүм, бул ат ал үчүн намаалым экен. Унчукпай Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” аттуу китебин алып көрсөттүм да, ушул кишинин улутташы экенин айттым. Бул кишинин баягы итиркейи келген сары чийкил жүзү оңолуп, көздөрү жана түштү.
- Чын элеби? Мен сени казак деп ойлодум эле,- деп кандайдыр бир ыңгайсыз абалда калгандай болду (Көрсө, ошол жылдарда Алма-Атада казактар менен орустардын ортосунда араздашуу болгон. Казактардын жел токсон көтөрүлүшү болгон экен). Чыңгыз Айтматов – улуу ойчул. Ал бүтүндөй планетанын жазуучусу. Чыңгыздай уулу бар эл - бактылуу эл. Жүрү, Чыңгыз Айтматовдун улутташына жолугушканымды белгилеп, бир стакандан кофе ичели,- деп ресторанга тартты. Кофе үстүндө да Чыңгызды тамшана сөз кылып отурду. Эсен-аман мекениңе жетип ал, деп кайырлашып кетти.
Мени жол бою ой басты... Өткөн көчмөн заманда Манас бабабыз кыргызды дүйнө элине тең ата кылып, өзүнчө мамлекет катары таанытып, ар кандай душмандардан коргоп, бапестеп келсе, Жараткан эгебиздин эмки бүт ааламды цивилизация кучагына алган бүгүнкү учурда бактыбызга Чыңгыз Айтматовдой улуу инсанды берип койгонуна, кыргыздын уучун ар качандан бир качан кур койбогонуна ыраазы болуп кеттим. Балким, бул элибиздин пейилине жараша болуп аткандыр. Ушундай элдин кулуну, Чыңгыздай залкардын улутташы экениме жүрөгүм толкуп сыймыктанып келе жаттым, Ала-Тоомду сагынып...
2008-жыл – кыргыз эли үчүн оор жоготуунун жылы болду. Ар бир мен кыргызмын дегендин кабыргасы кайышып, жүрөгү сыздап жатты... Шум ажалга айла барбы, кыргызды ааламга тааныткан залкарыбыздан ажырап, буркурап отуруп калдык. Улуу касиет даарыган Чыңгыз авам менин да дүйнөм, үй-бүлөмдүн бир ыйык мүчөсү сыяктуу болуп калган эле... Кыйын-кысталышта жөлөк, чыгармачылыгыма өбөк эле... Жаш чайган көздөрүмөн солдаттык күндөрүм чубурду... Мага кастарын тиккен Шевченко, мени сындыргысы келишкен “аксакалдар”, анан калса адегенде итиркейи келген кемедеги парасаттуу киши Чыңгыздын таш жарган даңазасы аркасында кыргыз элин таанышып, анын шарапаты менен мени урматташпады беле... Эми бул бир гана мен күбө болгондору. Мындай окуялар миң сан эмеспи. Чын эле Чыңгыз кыргызды дүйнөгө таанытты.
Эсиме атпай элимин дагы бир залкар акыны Байдылда Сарногоевдин ар бир кыргыздын жүрөгүнө кыттай сиңип төөнөлүп калган:
“Чыңгызды кыргыз көтөрдү,
Кыргызды Чыңгыз көтөрдү”,- деген керемет саптары,
армиядагы кызматташтарымдын койгон “Кыргыз-Чыңгыз” деген аты келди...
Кош бол, Чыңгыз ава! Бирок, сен өлгөн жоксуң. Атпай журтубуздун сыймыгы, тиреги болуп жашай бересиң. Сен улуу угут таштап кеттиң. Ал залкарды берген кудайым кыргыздын уучун кур койбойт. Силер – түбөлүксүңөр... Арбагыңар колдосун!- деп ичимден өксүп да, сыймыктанып да тоого, үйүмө бараттым...
Маматали Сыдыков,
Кожоке айылы
Булак: “Майдан. kg” гезити