"KG Групп" курулуш компаниясы 10 балалуу жаш үй-бүлөгө эки бөлмө батир белек кылды. Кечээ, филармонияда өткөрүлгөн "Эл ырчысы" сынагы учурунда жаш үй-бүлөгө да батирдин сертификаты тапшырылды.
Батирге ээ болгон Шаккулуевдердин үй-бүлөсү Суусамыр айылында жашашат. Нурбек Шаккулуев 1979-жылы төрөлгөн, жубайы 1981-жылкы. Экөө сегиз кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүшүүдө.
Аталган компания жарыялаган сынактын шартында көп балалуу үй-бүлөнүн жери да, үйү да болбоого тийиш эле. Шаккулуевдер башка бирөөнүн үйүндө жашашып, ушул убакка чейин өздөрүнө таандык жер тилкелүү болушкан эмес.
"Мен кыргыз элинин саны 20 миллионго жетмейинче, көп балалуу үй-бүлөлөргө үй берем. Кудай мени алган кол эмес, берген кол, бузуучу эмес, куруучу кылып жаратканына ыраазымын", - деди компаниянын директору Имамидин Ташов.