Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын Кыргызстанга кайтып келгени белгилүү болду. Ал кызматтан түшкөндөн кийин башка өлкөдөн саясий башпаанек сураарын билдирип, "Кыргызстандагы акыйкатсыздык менен алыста туруп күрөшөм", - деп жарыялаган.
Бирок, башка өлкө башпаанек бербей койдубу, мурдагы элчи өз мекенине кайтууга аргасыз болду. "Говори ТВга" берген маегинде чегарадан кармап кетишеби деген коркунуч менен мекенине баш бакканын, учурда стресс абалында экенин ачыктаган.
Кылычбек Султан октябрь айынын баш чендеринде элчилик кызматы менен кош айтышкан. Ал КР ТИМ ичиндеги бир катар коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөгө аракеттенген. Бирок, президенттик аппарат мурдагы элчинин айткан фактыларын териштирип, Тышкы иштер министрлигинде бир катар эреже бузуулар болгонун белгилеп, аны менен катар Кылычбек Султандын өзүнүн да мыйзам бузууларын, дипломаттык кызматка дал келбеген иш аракеттерин да таап чыгышкан. Анын жыйынтыгында, ТИМдин мурдагы министри Эрлан Абдылдаев менен кошо өзү да кызматтан алынган.
Буга чычалаган мурдагы элчи бийликти "Кыргызстанга барбай коем", - деп коркутуп алгансыды. Тийиштүү тараптардан анын соцтармактын бетин бербей, улам бир билдирүүсүн чыгарып жатканына көңүл бурулбагандан кийин, бир топко тыныгуу алгансыды эле. Эми минтип Кыргызстанга кайтып келди.
"Мен чет өлкөлөрдөн башпаанек сураган эмесмин", - дейт эми аталган интернет каналган берген маегинде. Анан дагы башпаанек алуу абдан оңой экенин, бирок каалабай мекенине кайтканын саймедиреген. Ошону менен катар Текебаев менен Атамбаевди эч убакта сатпайт турганын да белгилеген.
Бул маегинен кийин мурдагы элчи өзүнүн сөзүнө өзү чалынып калганы айкын болгонсуду. Мурдагы билдирүүлөрү көгүчкөн эмес экенин, бир жазып, коомчулукка окутуп койгондон кийин миң өчүрүп, миң актанса да коомчулуктун эсинен сүртүп сала албашын билбей калган өңдүү. Башка өлкө башпаанек бербей койгону үчүн Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгонун моюнуна алгысы келбей жатат. Чегарадан өтүп жатып кармап кетишеби деп коркконунун өзү аргасыздан артка кайтуу болгонун далилдеп турбайбы.