Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын үстүнө уюган кара түтүн боюнча коомчулуктун тынсыздануусуна КР Өкмөтү маани берип, бир катар тапшырмаларды бергендигине токтолду.  Аны менен катар өкмөткө кошумча жардам иретинде өз сунуштарын дагы тизмектеди.

 

Анын пикиринде, мындан ары коомдук транспорттор үчүн бензин жана дизель майы менен жүрүүчү автобустарды алууну токтотуу керек. Ошону менен катар 6 айлык мөөнөттүн ичинде Бишкектеги коомдук автобустарды газга өткөрүүнү камсыздоо зарыл. Белгилүү бир мөөнөттөн кийин эл ташыган маршруттук таксилерди дагы газга өткөрүү керек.

 

  “Кыргызстан  Өкмөтү экологияны коргоо жаатындагы дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып, борбор шаардагы буу казандарды электр же газ менен иштөөсүн шартташы керек”,- дейт депутат.

 

Экология маселесине кайрылган депутат Дастан Бекешев бул багытта КР Өкмөтү атайын программа даярдап, тиешелүү жабдууларды сатып алабыз деген сөздөрү сөз боюнча эле калып, эч кандай иш-аракеттер байкала электигин белгиледи.

 

Карапайым калктын саламаттыгы үчүн таза аба, таза суу, таза тамак-аш өтө маанилүү экенин билдирген депутат Айнуру Алтыбаева бул темада “Өкмөттүк саат” өткөрүүнү сунуш кылды.