Кыргызстанда курултайлар өткөрүлүп жатканы менен ага ылайыктуу мыйзам жок. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов 24-ноябрда өткөрүлчү курултай боюнча кеп салды.
"Конституцияда курултай институту бар. Бирок, парламент бир нече жылдардан бери курултайлар боюнча мыйзам кабыл ала албай келет. Мыйзам аркылуу аны - кантип өткөрүлөт, кандай чекте, кандай максатта - белгилөө керек", - деди депутат.
24-ноябрда "Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең" аталыштагы курултай өткөрүлөт. Уюштуруучуларынын бири коомдук ишмер Азимбек Бекназаров. Курултайга 97 партиянын жана 20 чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышаары айтылууда.