Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын бириндеги копол көрүнүш эл өкүлүн да ойго салды. Маалымат сайттардын биринде жакында тарбиячынын кылыгы чагылдырылган видео жарыяланган. Видеодо тарбиячы  үч жаштагыдай көрүнгөн бөбөктөрдүн биринин башына чапса, дагы бир кыздын колунан силкип, ыйлаганына да караган эмес. 

 

"Жүрөк оорута турган видео экен. Тарбиячыларды теске салбаса болбойт. Бала бакчаларга камераларды орнотуу керек", - деди депутат.