Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Россиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
"Орус жараны болуп эсептелген Таалайбек Сарыбашев кандайча өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, андан кийин кандайча Ош шаарынын мэри болуп калды. УКМК бул боюнча түшүндүрүү бериши керек", - деди депутат.
Мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн жараны мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлей албайт.